90-берене. Уюмдун жетекчисин, анын орун басарларын кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын талабы боюнча тартиптик жоопкерчиликке тартуу
04.07.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.11.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 12.11.2026
Жаңыртылды: 12.11.2026
II БӨЛҮМ. ЭМГЕК МАМИЛЕЛЕРИ›6-глава. Эмгектенүү тартиби. Эмгек тартиби
Кыргыз Республикасынын Кодексинин 90-беренеси, 06.11.2026 редакциясы.
1. Иш берүүчү (мүлктүн менчик ээси) уюмдун жетекчиси, анын орун басарлары эмгек жөнүндө мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды, жамааттык келишимдин, макулдашуулардын шарттарын бузгандыгы тууралуу кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын арызын кароого жана кароонун жыйынтыктары жөнүндө кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органына билдирүүгө милдеттүү.
2. Эгерде мындай бузуу фактылары ырасталса, иш берүүчү уюмдун жетекчисине, анын орун басарларына иштен бошотууга чейинки тартип жазасын колдонууга милдеттүү.