42-берене. Мөөнөттүү эмгек келишимин бузуу
04.07.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.11.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 12.11.2026
Жаңыртылды: 12.11.2026
II БӨЛҮМ. ЭМГЕК МАМИЛЕЛЕРИ›3-глава. Эмгек келишими
Кыргыз Республикасынын Кодексинин 42-беренеси, 06.11.2026 редакциясы.
1. Мөөнөттүү эмгек келишими анын мөөнөтүнүн бүтүшү менен бузулат.
2. Белгилүү бир ишти аткаруу убактысына түзүлгөн эмгек келишими ошол иш бүткөндө бузулат.
3. Жок болгон кызматкердин милдеттерин аткаруу убагына түзүлгөн эмгек келишими бул кызматкер ишке чыккан күндөн тартып бузулат.
4. Сезондук жумуштарды аткаруу убагына түзүлгөн эмгек келишими аныкталган сезон аяктаганда бузулат.