252-берене. Ортомчунун катышуусу менен жамааттык эмгек талаш-тартыштарын кароо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

VI БӨЛҮМ. КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ЭМГЕК УКУКТАРЫН КОРГОО. ЭМГЕК ТАЛАШ-ТАРТЫШТАРЫН ЧЕЧҮҮ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК МЫЙЗАМДАРЫНЫН САКТАЛЫШЫН КОНТРОЛДОО›23-глава. Эмгек талаш-тартыштары

1. Жараштыруу комиссиясы тарабынан пикир келишпестиктердин протоколу түзүлгөндөн кийин жамааттык эмгек талаш-тартышынын тараптары 3 жумуш күндүн ичинде ортомчуну чакырышы мүмкүн.

2. Ортомчунун катышуусу менен жамааттык эмгек талаш-тартышын кароонун тартиби ортомчунун катышуусу менен жамааттык эмгек талаш-тартышынын тараптарынын макулдашуусу менен аныкталат.

3. Ортомчу жамааттык эмгек талаш-тартышын тараптарынан ушул талаш-тартышка тиешелүү зарыл болгон документтерди жана күбөлүктөрдү алардан суратууга жана алууга укуктуу.

4. Ортомчунун катышуусу менен жамааттык эмгек талаш-тартышын кароо ал чакырылган (дайындаган) күндөн тартып 7 жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жүргүзүлөт жана жамааттык эмгек талаш-тартышынын тараптары тарабынан жазуу жүзүндөгү макулдашылган чечимди кабыл алуу же пикир келишпестиктердин протоколун түзүү менен аяктайт.