226-берене. Зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө. Төлөнүүчү суммаларды жеткирүү жана салып жиберүү боюнча чыгымдар


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 12.11.2026

V БӨЛҮМ. ЭМГЕКТИ КОРГОО›21-глава. Кызматкерлерге өз эмгек милдеттерин аткарууда мертинүүдөн, кесиптик оорудан, же болбосо ден соолугунун башка бузулушу менен келтирилген зыян үчүн иш берүүчүнүн жоопкерчилиги

Кыргыз Республикасынын Кодексинин 226-беренеси, 06.11.2026 редакциясы.

1. Учурдагы ай үчүн зыяндын ордун толтуруу суммаларын төлөө ошол ай өткөнгө чейин жүргүзүлөт.

2. Бир жолку берилүүчү жөлөкпулдар аларды дайындоо үчүн зарыл болгон документтерди берген күндөн бир айдан кечиктирилбестен төлөнөт. Зыяндын ордун толтурууга ай сайынкы төлөмдөр иш берүүчү тарабынан эмгек акыны төлөө үчүн белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.

3. Зыяндын ордун толтурууга төлөнүүчү суммаларды жеткирүү жана салып жиберүү келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликтүү иш берүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт. Алуучулардын каалоосу боюнча бул суммалар алардын банктагы эсептерине которулушу мүмкүн.

4. Алуучу зыяндын ордун толтуруу өлчөмүн кайра кароого алып келүүчү өзгөрүүлөр жөнүндө иш берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.