200-берене. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн принциптери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
IV БӨЛҮМ. ЭМГЕК ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ СОЦИАЛДЫК ӨНӨКТӨШТҮК›18-глава. Социалдык өнөктөштүк органдары жана жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү принциптери
1. Жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) тараптардын тең укуктуулугу жана кызыкчылыктарын урматтоо;
2) эмгек жана ишке орноштуруу шарттарын аныктоо, иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу максатында маселелерди талкуулоодо тандоонун эркиндиги;
3) тараптардын милдеттенмелерди алуусунун ыктыярдуулугу;
4) эмгек жөнүндө мыйзамдарды сактоо.
2. Кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү жамааттык келишимди, макулдашууну даярдоо, түзүү жана өзгөртүү боюнча жамааттык сүйлөшүүлөргө катышат жана мындай сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча демилге көтөрүүгө укуктуу.
3. Сүйлөшүүлөрдүн башталышы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарламаны алган тарап жети күндүк мөөнөттө сүйлөшүүлөрдү баштоого милдеттүү. Тараптардын бири да жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн баш тартууга укуксуз.
4. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тартиби, сүйлөшүүлөргө катышкан адамдарга кепилдиктер Кыргыз Республикасынын жамааттык келишимдер жөнүндө мыйзамы менен жөнгө салынат.