193-берене. Банкрот болгондо эмгек келишимдерин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

III БӨЛҮМ. КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫНЫН ЭМГЕГИН ЖӨНГӨ САЛУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ›16-глава. Кызматкерлердин башка категорияларынын эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү

1. Реструктуризациялоо, реабилитациялоо, санациялоо, тынчтык макулдашуу жана консервациялоо түрүндө жүзөгө ашырылган банкроттукта бул процесстин натыйжасында штаттар же кызматкерлердин саны кыскартылган учурларды кошпогондо, кызматкерлер менен эмгектик мамилелери токтотулбайт.

2. Бул мезгилде иш берүүчү (атайын администратор, тышкы башкаруучу) жалпы башкаруучулук функцияларды жүзөгө ашыруучу кызматкерлер (жетекчи, анын орун басарлары, башкы бухгалтер) менен эмгек келишимин кайра түзүүгө же бузууга укуктуу.

3. Эгерде реструктуризациялоонун натыйжасында жоюлган уюмдун активдери ага өткөн жаңы юридикалык жак пайда болсо, анда иш берүүчү кызматкерлерди которууну же иштен бошотууну ушул Кодекске ылайык жүргүзүүгө тийиш.

4. Компенсацияларды эсептөө жана төлөө ушул Кодекске ылайык жүргүзүлөт.