176-берене. Кызматкердин иш берүүчү - жеке жак менен түзгөн эмгек келишиминин өзгөчөлүктөрү
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
III БӨЛҮМ. КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫНЫН ЭМГЕГИН ЖӨНГӨ САЛУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ›14-глава. Иш берүүчүдө - жеке жактарда жана үйдө иштеген кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү
1. Кызматкер иш берүүчү - жеке жак менен эмгек келишимин түзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, ушул келишимде аныкталган кандай болбосун ишти, анын ичинде үй чарбачылыгын жүргүзүү, бала багуу, оорулуу адамды багуу, күзөтчү ж.б. боюнча ишти аткарууга милдеттенет.
2. Жазуу жүзүндөгү эмгек келишимине милдеттүү түрдө кызматкер үчүн жана иш берүүчү үчүн маанилүү болгон шарттар киргизилет.
3. Иш берүүчү - жеке жак төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
1) ушул Кодекстин талаптарына ылайык кызматкер менен эмгек келишимин жазуу жүзүндө тариздөөгө;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө.
4. Жеке ишкер катары катталган, мөөрү бар иш берүүчү - жеке жак кызматкерлердин эмгек китепчесине жазуу жүргүзүүгө, ошондой эле биринчи жолу ишке кабыл алынган кызматкерлерге эмгек китепчесин тариздөөгө укуктуу.