174-берене. Вахталык метод менен иштөөдө эмгек жана эс алуу режимдери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
III БӨЛҮМ. КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫНЫН ЭМГЕГИН ЖӨНГӨ САЛУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ›13-глава. Вахталык метод менен иштеген адамдардын эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү
1. Эсепке алуу мезгилинин чегиндеги жумуш убактысы жана эс алуу убактысы иш берүүчү тарабынан уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча бекитилүүчү вахтадагы иш графиги менен регламенттелет жана ал колдонууга киргизилгенге чейин 2 айдан кечиктирбестен кызматкерлерге билдирилет.
2. Графикте кызматкерлерди вахтага алып келүү жана кайра жеткирүү үчүн зарыл болгон убакыт каралат. Иш ордуна баруу жана кайра келүү күндөрү жумуш убактысына киргизилбейт жана ал күндөр вахта аралык эс алуу күндөрүнө туура келиши мүмкүн.
3. Вахтадагы иш графигинин чегинде жумуш убактысынан ашык иштелген сааттар календардык жыл ичинде топтолушу жана кийин кошумча эс алуу күндөрүн берүү менен бүтүндөй бир күнгө чейин суммаланышы мүмкүн.
4. Эгерде эмгек келишиминде же жамааттык келишимде башкача белгиленбесе, эсепке алуу мезгилинин чегинде (вахтада иштөө графигинде) жумуш убактысынын нормалдуу узактыгынан ашкан ишке байланыштуу эс алуу күндөрү тарифтик ставканын (эмгек маянасынын) өлчөмүндө төлөнөт.