170-берене. Сезондук жумуштарда иштеген кызматкерлердин эмгегин жөнгө салуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
III БӨЛҮМ. КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫНЫН ЭМГЕГИН ЖӨНГӨ САЛУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ›12-глава. Айкалыштырып иштеген, эки айга чейинки мөөнөткө эмгек келишимин түзгөн, сезондук жумуштарда иштеген адамдардын эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү
1. Климаттык жана башка жаратылыш шарттарынан улам алты айдан ашпаган белгилүү бир мезгилдин (сезондун) ичинде аткарылуучу жумуштар сезондук деп таанылат.
2. Сезондук жумуштардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
3. Жумуштун сезондук мүнөзү жөнүндө шарт эмгек келишиминде көрсөтүлүүгө тийиш.
4. Сезондук жумуштарга кызматкерлерди кабыл алууда сыноо 2 жумадан ашпоого тийиш.
5. Сезондук жумушта иштеген кызматкерлерге иштеген ар бир айы үчүн 2 календардык күн эсебинде акы төлөнүүчү өргүү берилет.
6. Сезондук жумуштарда иштеген кызматкер эмгек келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу жөнүндө иш берүүчүгө 3 календардык күн мурда жазуу жүзүндө эскертүүгө милдеттүү.
7. Иш берүүчү уюмдун жоюлушуна, санынын же штатынын кыскарышына байланыштуу алдыда боло турган иштен бошотуу жөнүндө сезондук жумуштарда иштеген кызматкерге кеминде 7 календардык күн мурун жазуу жүзүндө кол койдуруу менен эскертүүгө милдеттүү.
8. Уюмдун жоюлушуна, санынын же штатынын кыскарышына байланыштуу сезондук жумуштарда иштеген кызматкер менен эмгек келишимин токтотууда эки жумалык орточо эмгек акы өлчөмүндө иштен бошотуу жөлөкпулу төлөнөт.