156-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 02.11.2026
III БӨЛҮМ. КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН АЙРЫМ КАТЕГОРИЯЛАРЫНЫН ЭМГЕГИН ЖӨНГӨ САЛУУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ›11-глава. Кызматкерлердин айрым категорияларынын эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү
1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштурууну калкты ишке орноштуруу мамлекеттик кызматынын органдары камсыз кылат. Атайын түзүлгөн же квоталанган жумуш ордуна ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды ишке кабыл алуу жөнүндө алардын жолдомосу иш берүүчүнүн аткаруусу үчүн милдеттүү.
2. Ишке орноштуруу мамлекеттик кызматынын органынын жолдомосу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамды ишке кабыл алуудан негизсиз баш тарткан учурда иш берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.