137-берене. Кызматкерди окутуу менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 12.11.2026

II БӨЛҮМ. ЭМГЕК МАМИЛЕЛЕРИ›10-глава. Эмгек келишиминин тараптарынын материалдык жоопкерчилиги

Кыргыз Республикасынын Кодексинин 137-беренеси, 06.11.2026 редакциясы.

Кызматкер иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен аны окууга жибергенде, эмгек келишими же иш берүүчүнүн каражаттарынын эсебинен окутуу жөнүндө макулдашуу менен шартталган мөөнөт аяктаганга чейин жүйөлүү себептерсиз бошотулган учурда иш берүүчү тарткан чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.