127-берене. Окуучулардын окутууну аяктагандан кийинки укуктары жана милдеттери
04.07.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
II БӨЛҮМ. ЭМГЕК МАМИЛЕЛЕРИ›9-глава. Кадрларды кесиптик даярдоо жана кайра даярдоо
1. Келишим боюнча окутууну ийгиликтүү аяктаган адамдарга, өткөн окуусуна ылайык, эмгек келишимин түзүүдө сыноо мөөнөтү белгиленбейт.
2. Эгерде окуучу окутууну аяктагандан кийин келишим боюнча өз милдеттенмелерин жүйөлүү себептерсиз аткарбаса, анын ичинде ишке киришпесе, ал иш берүүчүнүн талабы боюнча ага окутуу убактысында алган стипендияны кайтарып берет, ошондой эле окутуу менен байланыштуу иш берүүчү тарткан башка чыгымдардын ордун толтурат.