116-берене. Башка жерге ишке которулууда чыгымдарды төлөө


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.11.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 12.11.2026

II БӨЛҮМ. ЭМГЕК МАМИЛЕЛЕРИ›8-глава. Кепилдиктер жана компенсациялар

Кыргыз Республикасынын Кодексинин 116-беренеси, 06.11.2026 редакциясы.

1. Кызматкер иш берүүчү менен алдын ала макулдашуу боюнча башка жерге ишке которулганда иш берүүчү кызматкерге кызматкердин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн көчүү жана мүлкүн ташуу боюнча чыгымдарын (иш берүүчү кызматкерге тиешелүү жүрүү каражаттарын берген учурларды кошпогондо) төлөп берүүгө милдеттүү.

2. Чыгымдардын ордун толтуруунун конкреттүү өлчөмдөрү эмгек келишиминин тараптарынын макулдашуусу менен аныкталат, бирок Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдар үчүн белгиленген өлчөмдөрдөн төмөн болушу мүмкүн эмес.