108-берене. Ченемден ашык иштөө үчүн эмгек акы төлөө


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

28.07.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II БӨЛҮМ. ЭМГЕК МАМИЛЕЛЕРИ›7-глава. Эмгек акы төлөө жана ченемдөө

1. Ченемден ашык аткарылган иштин алгачкы 2 сааты үчүн бир жарым эседен кем эмес, кийинки сааттары үчүн эки эседен кем эмес өлчөмдө акы төлөнөт. Ченемден ашык иштегендиги үчүн акы төлөөнүн конкреттүү өлчөмдөрү жамааттык келишим же эмгек келишими менен аныкталышы мүмкүн. Кызматкердин каалоосу боюнча жогорулатылган эмгек акынын ордуна ченемден ашык иштөө кошумча эс алуу убактысын берүү менен компенсацияланышы мүмкүн, бирок учурдагы календардык жылда ченемден ашык иштөөдөн кем эмес.

2. Белгиленген убакыт ченеминен ашык айкалыштырып иштөө иштелген убакытка же аткарылган жумушка жараша төлөнөт.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 23-июнундагы № 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)