28-статья. Эмгек миграциясына квота


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

21.05.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

II БӨЛҮМ›2-Глава

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясы, 21.05.2026 редакциясы.

Эмгек миграциясына берилген квота Кыргыз Республикасына эмгек ишмердигин аткаруу максатында келген чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын жеткен чек санын белгилейт.

Эмгек миграциясына квота календарлык ар бир жыл башталганга чейин төрт ай мурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасына эмгекчи-мигранттарды чакыруу максатын көздөгөн юридикалык жактар жана адамдар үчүн эмгек миграциясына карата квота эмгек миграциясына жыл сайын аныкталуучу квотанын негизинде миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 25-февралындагы № 68, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)