27-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүргүзүүнүн тартиби


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

21.05.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

II БӨЛҮМ›2-Глава

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-статьясы, 21.05.2026 редакциясы.

Кайрылман статусун алган этникалык кыргыздарды коошпогондо, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы эмгек ишмердигинин тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.

Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жумуш күчүн тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамагентство берген уруксаттардын негизинде ишке ашырылат.

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алышкан чет өлкөлүк жарандарга эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында жумушчу күч катары тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары тарабынан берилүүчү уруксат берүүчү документтерин (ишке уруксат) жана эмгек визасын алуу талап кылынбайт.

Эмгек миграциясын жөнгө салууда ички рыногун коргоого артыкчылык берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-январындагы № 27, 2020-жылдын 24-июлундагы № 89, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)