86-берене. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын мажбурлап өндүрүп алуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

III БӨЛҮМ. САЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕСИ ЖАНА САЛЫК КАРЫЗЫ›7-глава. Салык милдеттенмесин аткарууну жана салык карызын жоюуну камсыз кылуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 86-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү ыктыярдуу аткаруу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин салык органы салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү соттук аткаруучуга жөнөтөт.

Мындай учурда салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү аткаруу документи болуп саналат, ал салык карызын мажбурлап өндүрүү жөнүндө акт боюнча берилген аткаруу барагына теңдештирилет жана Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык аткарылат.

2. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү, анын ичинде электрондук документ түрүндө алгандан кийин соттук аткаруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык бардык аракеттерди жасайт.

3. Салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнү аткарууну өзгөртүү тартиби жана ыкмасы Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик мыйзамдары менен аныкталат.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)