85-1-берене. Накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

III БӨЛҮМ. САЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕСИ ЖАНА САЛЫК КАРЫЗЫ›7-глава. Салык милдеттенмесин аткарууну жана салык карызын жоюуну камсыз кылуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85-1-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

Салык төлөөчүнүн банктагы эсептеринде акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда салык органы жазма буйруктун негизинде салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө акт боюнча накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алууга укуктуу.

Ушул бөлүккө ылайык өндүрүлгөн акча каражаттары өндүрүп алуу күнүнөн кийинки эки жумуш күндөн кечиктирилбестен андан ары бюджетке которуу менен салык төлөөчүнүн эсебине чегерүү үчүн, ал эми салык төлөөчүнүн эсеби жок болсо - бюджетке которуу үчүн банкка берилет.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамы менен берилген Кодекстин 851-беренесине киргизилген өзгөртүүлөр, 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.