80-берене. Салык милдеттенмеси боюнча үмүтсүз карыздарды эсептен чыгаруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
III БӨЛҮМ. САЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕСИ ЖАНА САЛЫК КАРЫЗЫ›6-глава. Салык милдеттенмесин аткаруу. Салык милдеттенмесин токтотуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 80-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Ушул Кодекстин 79-беренесинин 2-5 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда салык төлөөчүнүн салык карызы үмүтсүз карыз деп таанылат жана Министрлер Кабинети белгилеген тартипте өздүк эсептен салык органы тарабынан эсептен чыгарылат.
2. Доонун эскиришинин ичинде салык карызын өндүрүү боюнча чараларды көрүү мүмкүн болбогон учурларда салык органы доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
Мындай учурларда салык карызы доонун эскирүү мөөнөтүн калыбына келтирүүдөн баш тартуу жөнүндө сот актысы күчүнө кирген учурдан тартып үмүтсүз карыз деп таанылат жана ушул беренеге ылайык эсептен чыгарылууга тийиш.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)