79-берене. Салык милдеттенмесин токтотуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
III БӨЛҮМ. САЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕСИ ЖАНА САЛЫК КАРЫЗЫ›6-глава. Салык милдеттенмесин аткаруу. Салык милдеттенмесин токтотуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 79-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
Төмөнкүдөй учурларда салык милдеттенмеси токтотулат, ал эми салык карызы жоюлду деп эсептелет:
1) салык милдеттенмеси талаптагыдай аткарылганда жана салык калдыгы, пайыздар, туумдар жана салык санкциялары төлөнгөндө;
2) ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү бүткөндө;
3) укук улантуучусу же мураскору жок болгон учурда жеке жак өлгөндө;
4) жеке жакты дайынсыз жок же аракетке жөндөмсүз деп тааныганда анын мүлкү болбогон же жетишсиз болгон учурда;
5) субъекттердин карызын өзүнчө мыйзамды кабыл алуу менен эсептен чыгаруу;
6) жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларациялоо жол-жоболорун аяктаганда.
7) Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарына ылайык атайын башкаруунун алкагында салык төлөөчүнү жоюу жолу менен банкроттук жол-жобосун аяктоо.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)