67-берене. Салык милдеттенмесин аткаруунун валютасы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

III БӨЛҮМ. САЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕСИ ЖАНА САЛЫК КАРЫЗЫ›5-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 67-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин белгилери болбогон чет өлкөлүк уюмдун салык милдеттенмелерин кошпогондо, салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы - сом менен аткарылат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюм салык милдеттенмесин чет өлкөлүк валютада аткарууга укуктуу. Салык милдеттенмесин аткаруунун эсебине алынган чет өлкөлүк валюталардын эсепке алуу тартиби жана тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Салык милдеттенмесин эсептөөдө салык милдеттенмесинин суммасын сом бирдиктерине чейин тегеректөөгө жол берилет.