66-берене. Салык милдеттенмесинин келип чыгышы, өзгөрүлүшү, аткарылышы жана токтотулушу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

III БӨЛҮМ. САЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕСИ ЖАНА САЛЫК КАРЫЗЫ›5-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 66-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген негиздер болгондо келип чыгат, өзгөрөт, аткарылды же токтотулду деп эсептелет.

2. Салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык төлөө каралган жагдайлар келип чыккан күндөн тартып салык төлөөчүгө жүктөлөт.