61-берене. Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө салык жана бажы органдарынын ыйгарым укуктарын так аныктоо


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

II БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК УКУК МАМИЛЕЛЕРИНИН КАТЫШУУЧУЛАРЫ›4-глава. Салык кызматы. Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды так аныктоо

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 61-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин өз ара соодасында товарларды экспорттоодо жана импорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызмат көрсөтүүдө КНС жана акциз салыгын администрациялоо салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

11. Ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмдун жеке жактар сатып алган товарларды электрондук соодалоодо КНСти администрациялоо салык кызматынын органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Бажы органдары салыктарды, анын ичинде ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъект жана ушул Кодекстин 430-беренесинин 51-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишке карата ЭЭЗ субъектиси тарабынан төлөнүүчү Бирдиктүү салыкты администрациялоону жүзөгө ашырат:

1) ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу товарларды ташууда;

2) эркин бажы зонасынын же эркин кампанын бажы жол-жоболоруна ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташылуучу товарларды жайгаштырууда, ошондой эле эркин бажы зонасынын же эркин кампанын бажы жол-жоболорун бүткөрүүдө.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)