60-1-берене. Салык кызматынын органдары тарабынан колдонулуучу тобокелдиктерди башкаруу тутуму
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
II БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК УКУК МАМИЛЕЛЕРИНИН КАТЫШУУЧУЛАРЫ›4-глава. Салык кызматы. Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды так аныктоо
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 60-1-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Тобокелдиктерди башкаруу тутуму тобокелдиктердин даражасына (деңгээлине) баа берүүгө негизделген жана тобокелдикти аныктоо жана алдын алуу максатында салык органдары тарабынан иштелип чыгуучу жана/же колдонулуучу ча-раларды камтыйт.
2. Салык төлөөчү тарабынан салык милдеттенмесинин аткарылбай калуусу жана/же толук эмес аткаруу ыктымалдуулугу тобокелдик болуп саналат.
3. Тобокелдиктердин даражасына (деңгээлине) баа берүүгө салык төлөөчүлөр тарабынан берилген салык отчетторундагы маалыматтарды, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан, уюмдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалыматтарды, ошондой эле салык төлөөчүнүн иши жөнүндө башка документтерди жана/же маалыматтарды талдоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Тобокелдиктерди башкаруу тутуму ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутумун колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
5. Тобокелдиктин даражасына (деңгээлине) баа берүү жүргүзүлүүчү белгилердин жыйындысы тобокелдиктин критерийлери болуп саналат.
Тобокелдиктин критерийлери жана тобокелдиктерди башкаруу тутумун колдонуунун тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)