401-берене. Айыл чарба жерлерине мүлк салыгын эсептөө


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

XIII БӨЛҮМ. МҮЛК САЛЫГЫ›52-глава. Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна мүлк салыгын эсептөө жана төлөө мөөнөттөрү

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 401-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участокторуна мүлк салыгын эсептөө үчүн салыктык база жер участогунун укук күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн аянты катары аныкталат.

2. Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогунун бир чарчы метринин базалык салыктык наркы БСН, эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, участоктун багытына жараша төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:

Облустарда жана райондордун аталышы Базалык салык наркы (сом/чарчы метр)

Сугат айдоо жери Кайрак айдоо жер Көп жылдык өсүмдүктөр Чабындылар Жайыттар, кысыр аңыздар

1 2 3 4 5 6

Баткен облусу

Баткен району 402 61,95 223,5 - 11,55

Лейлек району 402 61,95 223,5 36,45 11,55

Кадамжай району 412,5 61,95 225 36,45 19,05

Жалал-Абад облусу

Аксы району 459 85,05 289,5 23,85 20,4

Ала-Бука району 459 61,95 306 33,75 14,85

Базар-Коргон району 621 61,95 330 46,35 23,1

Ноокен району 621 61,95 289,5 36,6 23,1

Сузак району 621 61,95 330 46,35 23,1

Тогуз-Торо району 334,5 93,45 - 49,5 19,35

Токтогул району 358,5 93,45 301,5 45,6 19,35

Чаткал району 291 93,45 - 39,75 19,35

Ысык-Көл облусу

Ак-Суу району 559,5 131,25 259,5 45,6 15,9

Жети-Өгүз району 457,5 112,35 252 35,7 11,55

Ысык-Көл району 420 102,9 232,5 35,7 11,55

Тон району 354 58,8 178,5 30,6 10,65

Түп району 568,5 131,25 261 43,65 22,5

Нарын облусу

Ак-Талаа району 307,5 55,5 - 37,65 6,75

Ат-Башы району 286,5 81,45 - 32,55 6,75

Жумгал району 294 55,5 - 37,65 6,75

Кочкор району 322,5 55,5 - 37,65 6,75

Нарын району 294 81,45 - 31,65 7,95

Ош облусу

Алай району 348 93,45 - 41,55 7,95

Араван району 654 61,95 339 22,8 19,05

Кара-Кулжа району 348 93,45 175,5 41,55 7,95

Кара-Суу району 679,5 61,95 369 41,85 18

Ноокат району 619,5 93,45 349,5 41,7 19,05

Өзгөн району 619,5 93,45 352,5 50,55 20,85

Чоң-Алай району 274,5 - - 31,65 8,25

Талас облусу

Бакай-Ата району 477 78,75 246 - 11,1

Айтматов району 525 54,6 247,5 16,8 7,2

Манас району 496,5 54,6 249 16,8 7,2

Талас району 445,5 78,75 246 16,5 7,2

Чүй облусу

Аламүдүн району 600 84,75 313,5 34,65 16,2

Жайыл району

1) Чүй зонасы 493,5 101,85 319,5 30,6 16,2

2) Суусамыр зонасы 283,5 51,75 - 16,95 15

Ысык- Ата району 600 111,3 319,5 44,55 16,2

Кемин району 531 120,75 316,5 44,55 16,2

Москва району 588 100,8 322,5 44,55 11,7

Панфилов району 543 100,8 322,5 34,65 11,7

Сокулук району 610,5 100,8 316,5 20,85 11,7

Чүй району 600 112,35 316,5 48,6 16,2

Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамы менен берилген берененин 2-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр, 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

3. Шаардын же калктуу конуштун аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогунун бир чарчы метринин базалык салыктык наркы, ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, мындай шаар же калктуу конуш жайгашкан административдик район үчүн колдонулуучу базалык салык нарктын өлчөмүндө аныкталат.

4. Көлмөнүн бир чарчы метринин базалык салыктык наркы көлмө жайгашкан административдик райондун сугат айдоо жери үчүн ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган базалык салыктык нарктын өлчөмүндө аныкталат.

5. Насостук станциялар менен сугарылуучу жер участогунун бир чарчы метринин базалык салыктык наркы ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, тийиштүү административдик райондун кайрак айдоо жерлери үчүн базалык салыктык наркынын өлчөмүндө белгиленет.

6. Айыл чарба максаттары үчүн ижарага берилген токой фондунун жер участогунун бир чарчы метринин базалык салыктык наркы ушул берененин 2-бөлүгүндө белгиленген тиешелүү административдик райондун айыл чарба жерлеринин бир чарчы метринин базалык салыктык наркына теңдештирилет.

Ушул бөлүктүн максатында токой фондунун жерлеринин категориялары тиешелүү түрдө айыл чарба жерлеринин төмөнкү категорияларына теңдештирилет:

Айыл чарба жерлери Токой фондунун жерлери

Айдоо сугат жерлери Плантациялар, питомниктер

Кайрак айдоо жерлери Жыштыкты түзбөгөн токой жерлер, кыюу жерлери, өрт алган жерлер, сейрек дарактуу жерлер, ачык жер аянтчалары, ээн жерлер

Көп жылдык өсүмдүктөр Токой өсүмдүктөрү каптаган жерлер

Чабындылар Токой эмес жерлер

7. Учурдагы салык мезгилинде айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна мүлк салыгын эсептөө үчүн колдонулган инфляциянын Ки коэффициенти улуттук статистиканын мурунку жылдагы расмий маалыматтарынын негизинде өткөн салык мезгилинин 1-октябрынан кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

8. Учурдагы салыктык мезгилге инфляциянын коэффициенти белгиленбеген учурларда, ал мурунку салыктык мезгилде колдонулган коэффициентке барабар болуп кабыл алынат.

9. Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна же анын бөлүгүнө мүлк салыгынын суммасы ушул Кодекстин 380-беренесинде каралган формула боюнча аныкталат.

(КР 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)