400-берене. Айыл чарба жерлеринин бир чарчы метрине салыктык наркты эсептөө үчүн формула


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

XIII БӨЛҮМ. МҮЛК САЛЫГЫ›52-глава. Айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогуна мүлк салыгын эсептөө жана төлөө мөөнөттөрү

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 400-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

Айыл чарба жерлеринин бир чарчы метринин салыктык наркын эсептөө төмөнкүдөй формула боюнча жүргүзүлөт:

СН = БСН х Ки,

мында:

СН - айыл чарба жерлеринин бир чарчы метринин салыктык наркы;

БСН - айыл чарба жерлеринин бир чарчы метринин базалык салыктык наркы;

Ки - инфляция коэффициенти.