367-берене. Түшкөн акчаны түзөтүү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

XII БӨЛҮМ. САТУУДАН АЛЫНУУЧУ САЛЫК›47-глава. Сатуудан алынуучу салыкты эсептөө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 367-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акча төмөнкү учурларда түзөтүлүүгө тийиш:

1) товарлар толук же жарым-жартылай кайтарылганда;

2) бүтүмдүн шарттары өзгөргөндө;

3) бүтүмдүн шарттарын толук же жарым-жартылай аткарбаганда.

2. Түшкөн акчаны түзөтүү товарлар кайтарылган же бүтүмдүн шарттары өзгөргөн салык мезгилиндеги салыктык базанын өлчөмүн өзгөртөт.