333-берене. Салык салуу объекти


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

X БӨЛҮМ. АКЦИЗ САЛЫГЫ›41-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 333-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

Акциз салыгын салуу объекти болуп ушул Кодекстин 334-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган акциздик товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүү жана/же Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо саналат.

Ушул берененин максатында өндүрүү өзүнө мунайды жана мунай продуктуларын аралаштырууну жана кошумчаларды кошууну (компаундаштырууну) камтыйт.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)