332-берене. Товарларды импорттоодо акциз салыгын төлөөчүлөрдү аныктоонун өзгөчөлүктөрү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

X БӨЛҮМ. АКЦИЗ САЛЫГЫ›41-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 332-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

ЕАЭБ акциздик товарларды импорттоодо акциз салыгын төлөөчүлөрдү аныктоо ушул Кодекстин IX бөлүмүнө ылайык ЕАЭБ мүчө-мамлекеттерден салык салынуучу импортту жүзөгө ашыруучу субъекттерге карата ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.