254-берене. КНС ставкасы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

IX БӨЛҮМ. КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ›35-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 254-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, КНС ставкасы салык салынуучу берүүдөн жана салык салынуучу импорттон 12 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

2. КНС ставкасы ушул Кодекстин 302-306-беренелеринде жана 430-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн берүүлөргө карата 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

3. КНС ставкасы ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмдардын берүүлөрүнө карата 12 пайыз өлчөмүндө белгиленет.