185-берене. Киреше салыгын төлөөчү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

VII БӨЛҮМ. КИРЕШЕ САЛЫГЫ›22-глава. Жалпы жоболор

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 185-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Киреше салыгын төлөөчү болуп төмөнкүдөй жак эсептелет:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, киреше алган жеке жак;

2) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар, киреше алган резидент-жеке жак;

3) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу жок, Кыргыз Республикасындагы булактан киреше алган резидент-жеке жак;

4) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, Кыргыз Республикасындагы булактан киреше алган резидент эмес-жеке жак.

2. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, жеке жакка кирешесин төлөп берүүдө бюджетке киреше салыгынын суммасын эсептөө, кармап калуу жана төлөө салык агенти тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Жеке ишкер салык агенти болуп саналгандан башка учурда бул жеке ишкер киреше салыгын төлөөчү болуп эсептелбейт.