134-берене. Документтерди талап кылуу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

IV БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК КОНТРОЛЬ›15-глава. Жетүү, иликтөө, документтерди талап кылуу, экспертиза жана протокол түзүү

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 134-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Текшерүү жүргүзүүчү салык органынын кызмат адамы текшерилүүчү салык төлөөчүдөн текшерүү үчүн зарыл болгон документтерди талап кылууга укуктуу.

Документтерди берүү жөнүндө чечим даректелген салык төлөөчү, аларды мындай чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде салык органына жиберүүгө же берүүгө милдеттүү.

Айрым учурларда документтер салык төлөөчү күбөлөндүргөн көчүрмөлөр түрүндө берилет.

2. Салык төлөөчүнүн текшерүү жүргүзүүдө суралган документтерди берүүдөн баш тартуусу же аларды белгиленген мөөнөттө бербөөсү салыктык укук бузуу деп таанылат жана ушул Кодексте каралган жоопкерчиликке алып келет.

(КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)