133-берене. Иликтөө
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
IV БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК КОНТРОЛЬ›15-глава. Жетүү, иликтөө, документтерди талап кылуу, экспертиза жана протокол түзүү
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 133-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Иликтөө жүргүзүүчү салык органынын кызмат адамы иликтөөнүн толук болушу үчүн мааниси бар жагдайларды аныктоо максатында ага карата иликтөө же документтерине, мүлкүнө салыктык контроль жүргүзүлүп жаткан салык төлөөчүнүн аймагын, жайын же транспорт каражаттарын иликтөөгө укуктуу.
2. Иликтөө жүргүзүүдө ага карата иликтөө жүргүзүлүп жаткан салык төлөөчү же анын салыктык өкүлү катышууга укуктуу.
3. Иликтөө жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген учурларда фото жана киного тартуу, видео жазуу жүргүзүлөт, документтердин көчүрмөлөрү алынат.
4. Иликтөөнүн жыйынтыгы иликтөө актысы менен жол-жоболоштурулат же текшерүү материалдарында чагылдырылат.
(КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)