102-берене. Салык отчеттуулугун берүү мөөнөтүн узартуу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
III БӨЛҮМ. САЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕСИ ЖАНА САЛЫК КАРЫЗЫ›11-глава. Салык отчеттуулугу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 102-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, ушул Кодексте белгиленген салык отчеттуулугун берүү мөөнөтүнө чейин салык төлөөчүдөн жазуу жүзүндөгү арызды алууда салык органы салык отчеттуулугун берүү мөөнөтүн бул салык отчеттуулугу берилген мөөнөттөн кийинки 30 күнгө узартуу жөнүндө чечим чыгарат.
2. Салык отчеттуулугун берүү мөөнөтүн узартуу салык төлөө мөөнөтүн өзгөртпөйт.
3. ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салык отчеттуулугу боюнча салык отчеттуулугун берүү мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)