61-берене. Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоо
10.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.08.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 61-беренеси, 06.08.2025 редакциясы.
1. Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркын аныктоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Менчиктештирилүүчү турак жайдын наркы карамагында менчиктештирилүүчү турак жайы болгон ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү комиссия тарабынан белгиленет.
3. Турак жайларды менчиктештирүүдөн түшкөн акча каражаттары Турак жай курулушун өнүктүрүү фондуна же ушундай фонддорго түшөт жана мамлекеттик же муниципалдык турак жайларды куруу жана күтүү үчүн пайдаланылат.