46-берене. Турак жайын берүүдө жарандардын кызыкчылыктарын эсепке алуу
10.04.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.08.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026
Жаңыртылды: 02.11.2026
Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 46-беренеси, 06.08.2025 редакциясы.
1. Турак жайды берүүдө бир бөлмөгө жубайлардан башка тогуз жаштан өйдө ар кайсы жыныстагы адамдарды бир бөлмөгө жайгаштырууга жол берилбейт.
2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, улгайгандарга, жүрөк-кан тамыр оорусуна жана башка оор илдетке чалдыккан турак жайлар алардын каалоосун эсепке алуу менен төмөнкү кабаттардан же лифти бар үйлөрдөн берилет.
3. Берилүүчү турак жайдын өлчөмүн аныктоодо үй-бүлөдө боюнда бар аялдын бар - жогу эскеё алынат.