37-берене. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлктү күтүүгө чыгымдарды төлөө


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II бөлүм›4-глава

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 37-беренеси, 06.08.2025 редакциясы.

1. Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайдын менчик ээси жалпы үлүштүк менчикте турган көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкарууга чыгымдарга башкаруунун тандап алынган формасына карабастан бул мүлккө жалпы менчик укугундагы өз үлүшүнө тете өлчөмдө катышууга милдеттүү.

2. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкарууга акы өлчөмү турак жайлардын менчик ээлеринин жалпы чогулушунун чечими менен аныкталат жана бир жылга аныкталат.

3. Көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкарууга чыгымдарды төлөө боюнча милдеттер ушул үйдөгү турак жайга менчик укугу пайда болгон учурдан тартып ушул үйдөгү турак жайлардын (турак жана турак эмес) бардык менчик ээлерине жайылтылат.

4. Көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайга менчик укугу жаңы менчик ээсине өткөндө ага жалпы мүлктү башкарууга чыгымдарды төлөө боюнча милдеттенмелер да өтөт.

5. Турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин убактылуу болбошу көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкарууга чыгымдарды төлөөдөн бошотуу үчүн негиз болуп саналбайт.

6. Жалпы мүлктү башкарууга чыгымдарды төлөө боюнча карыздары бар турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери турак жай менчик ээлеринин шериктигинин башкаруу органдарында, турак жай же турак жай-эксплуатациялык кооперативдерде кызмат орундарын ээлей алышбайт.

7. Ыйгарым укуктуу органдар же көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруучу адамдар жалпы мүлктү күтүүгө чыгымдарды төлөө боюнча карыздарды турак жайлардын менчик ээлеринен өндүрүп алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына же сотко кайрылууга укуктуу.

Ыйгарым укуктуу органдар же көп батирлүү үйдүн жалпы мүлкүн башкаруучу жактар кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жалпы мүлктү кармап-күтүү боюнча чыгымдарга бир жылдан ашык катышпаган жайлардын менчик ээлеринин карызы жөнүндө маалыматтарды кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте берүүгө укуктуу.

(КР 2023-жылдын 15-августундагы № 182 Мыйзамынын редакциясына ылайык)