24-берене. Коммуналдык батирдеги бөлмөлөрдүн менчик ээлеринин жалпы мүлккө менчик укугу


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2025 редакциясы
Жаңыртылды: 02.11.2026

II бөлүм›3-глава

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 24-беренеси, 06.08.2025 редакциясы.

1. Коммуналдык батирдеги бөлмөлөрдүн менчик ээлерине бир бөлмөдөн ашыкты тейлөө үчүн пайдаланылуучу ал батирдеги жайлар жалпы үлүштүк менчик укугунда таандык болот.

2. Коммуналдык батирдеги бөлмөлөрдүн менчик ээлери ушул батирдеги жалпы мүлктү күтүүгө чыгымдардын оордугун чогуу тартышат.

3. Коммуналдык батирдеги бөлмөнүн менчик ээсинин жалпы мүлктү күтүүгө жумшалуучу милдеттүү чыгымдардагы үлүшү көрсөтүлгөн менчик ээсинин бул батирдеги жалпы мүлккө менчик укугундагы үлүшү менен аныкталат.