3-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу чөйрөсү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

01.12.2021 редакциясы
Жаңыртылды: 03.11.2026

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси, 01.12.2021 редакциясы.

Ушул Мыйзам жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу чөйрөсүндө келип чыккан мамилелерди жөнгө салат, ага жарандар, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, финансылык-насыялык мекемелер, жеке ишкерлер, ошондой эле башка юридикалык жактар катышат.