47-статья. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынан чыгуусунун алардын коопсуздугунун максатында чектелиши
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 03.11.2026
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-статьясы, 21.05.2026 редакциясы.
Кандайдыр бир мамлекетте Кыргыз Республикасынын жарандарына коопсуздук шарттарын түзүүгө мүмкүндүк бербеген чукул кырдаал түзүлгөн учурда тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын жарандарынын бул мамлекетке барышынын өзгөчө тартиби жөнүндө чечим чыгарат же бул мамлекетке барууга убактылуу чектөө коюуга укуктуу. Аталган чектөөлөр чыгууга тоскоол болгон шарттар жоюлмайынча колдонулат.
Өкмөттүн чечими Министрлер Кабинет чечим чыгарган мамлекетке чыгууга ниеттенген Кыргыз Республикасынын жарандарына сөзсүз билдирилет жана алар чукул кырдаал түзүлгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасы тарабынан жаранга зарыл коопсуз шарт түзүүнүн мүмкүн эместиги жөнүндө эскертилет. Мындай эскертүү чыгып кетүүгө тыюу салуу болуп саналбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамынын редакциясына ылайык)