99-берене. Салык отчеттуулугу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
III БӨЛҮМ. САЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕСИ ЖАНА САЛЫК КАРЫЗЫ›11-глава. Салык отчеттуулугу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 99-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Салык отчеттуулугу болуп салык төлөөчүнүн ушул Кодексте белгиленген тартипке ылайык салык органына берилген, салык милдеттенмесинин өлчөмү жөнүндө маалыматты, ошондой эле салык милдеттенмесин эсептөө жана салыктык жеңилдиктердин натыйжалуулугун баалоо максатында маалымат базасын түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды камтыган электрондук документ саналат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар жана маалымдоолор жок болгон учурда, бирдиктүү салык декларациясын кошпогондо, салык отчетторун түзүү жана берүү талап кылынбайт.
21. Ушул Кодекске ылайык бирдиктүү салык декларациясын берүүдөн бошотулган жеке ишкерлер ишин токтотууда бирдиктүү салык декларациясын бербейт.
3. Салык отчеттуулугунун формалары Министрлер Кабинети аныктаган тартипте ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)