90-берене. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алууга ыйгарым укуктуу орган
11.05.2026
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026
Жаңыртылды: 06.11.2026
III БӨЛҮМ. САЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕСИ ЖАНА САЛЫК КАРЫЗЫ›8-глава. Салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу мөөнөттөрүн өзгөртүү
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 90-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү жөнүндө чечим салык карызынын суммасына карабастан, салык төлөөчүнүн учурдагы салыктык эсепке алуу же катталган жери боюнча салык органы тарабынан кабыл алынат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)