69-берене. Салык милдеттенмесин аткаруу
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
III БӨЛҮМ. САЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕСИ ЖАНА САЛЫК КАРЫЗЫ›6-глава. Салык милдеттенмесин аткаруу. Салык милдеттенмесин токтотуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 69-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык талаптагыдай түрдɵ аткарылышы керек.
2. Салык милдеттенмесин аткаруу салык төлөөчү тарабынан өз алдынча же Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда башка үчүнчү жак тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Салыктын бардык эсептелген суммасын төлөө эсебине накталай эмес формада, анын ичинде санариптик сом менен төлөө салык милдеттенмесин аткаруу болуп саналат.
4. Салык төлөөчү салыктын бүткүл суммасын дароо же бөлүп төлөө менен салык милдеттенмесин аткарууга укуктуу.
5. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу.
6. Эгерде ушул Кодексте башкасы каралбаса, салык милдеттенмесин аткаруудан баш тартууга же аны аткаруу тартибин өзгөртүүгө жол берилбейт.
7. Салык милдеттенмесин аткаруу салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартууга карабастан жүзөгө ашырылат.
8. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин Бирдиктүү салык эсеби аркылуу аткарууну тандап алууга укуктуу.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)