62-1-берене. Базарлардын жана соода борборлорунун администрацияларынын салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
II БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК УКУК МАМИЛЕЛЕРИНИН КАТЫШУУЧУЛАРЫ›4-глава. Салык кызматы. Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды так аныктоо
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 62-1-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Базарлардын жана соода борборлорунун администрациялары базарлардын жана соода борборлорунун аймагында иш жүргүзгөн субъекттер тарабынан Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын контролдойт.
2. Базарлардын жана соода борборлорунун администрациялары тарабынан ушул Кодекстин XIV бөлүмүндө, 56, 57 жана 63-главаларында каралган салыктардын төлөнүшүн контролдоо тартиби Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилет.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)