54-берене. Салык өкүлү, анын ыйгарым укуктары, укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
II БӨЛҮМ. САЛЫКТЫК УКУК МАМИЛЕЛЕРИНИН КАТЫШУУЧУЛАРЫ›3-глава. Салык төлөөчү. Салык өкүлү
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 54-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Салык төлөөчү салыктык укук мамилелерине жеке өзү, ошондой эле салык өкүлү аркылуу катышууга укуктуу.
2. Салык өкүлү салыктык укук мамилелеринде салык төлөөчүнүн атынан иш алып барууга укуктуу.
3. Салыктык укук мамилелерине салык төлөөчүнүн өзүнүн катышуусу аны салык өкүлү болуу укугунан ажыратпайт, ошону менен бирге эле салык өкүлүнүн катышуусу салык төлөөчүнү салыктык укук мамилелерине жеке өзү катышуу укугунан ажыратпайт.
4. Салык өкүлүнүн ыйгарым укуктары, укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги төмөнкүлөр тарабынан аныкталат:
1) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары;
2) салык төлөөчүнүн жана салык өкүлүнүн ортосунда түзүлүүчү жарандык-укуктук келишим;
3) салык өкүлүнө салык төлөөчү тарабынан берилүүчү ишеним кат.
5. Салыктык укук мамилелерине ушул салык төлөөчүнүн катышуусуна байланышкан салык төлөөчүнүн салык өкүлүнүн аракети же аракетсиздиги салык төлөөчүнүн аракети же аракетсиздиги деп таанылат.
6. Мамлекеттик орган же мамлекеттик органдын кызмат адамы салык төлөөчүнүн салык өкүлү боло албайт.