476-берене. Атайын салык режимин колдонуунун чектөөлөрү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

XIV БӨЛҮМ. АТАЙЫН САЛЫК РЕЖИМДЕРИ›65-глава. Транзакцияга салык

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 476-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1.(КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Транзакцияга салык боюнча салык төлөөчү ушул Кодекстин 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 57-пунктуна ылайык транзакциялар деп таанылган операцияларды гана жүргүзүүгө милдетүү.

3. Транзакцияга салык режимин колдонуунун алкагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды сатууга, жумуштарды аткарууга же кызматтарды көрсөтүүгө;

2) ушул Кодекстин 471-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык транзакция жана өлкө ичиндеги которуулар менен байланышпаган операцияларга.

4. Транзакцияга салыктын режимин колдонуу шарттарына ылайык келбеген операцияларды жүргүзүү мындай бузууга жол берилген айдын биринчи күнүнөн тартып көрсөтүлгөн режимди колдонуу укугун жоготууга алып келет.

5. Атайын салык режимин колдонуу укугу жоголгон учурда мындай укук жоголгон учурдан тартып келип чыккан салык милдеттенмелерин эске алуу менен субъектке жалпы салык режимине ылайык салык салынууга тийиш.

(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров

2021-жылдын 22-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган