456-берене. Салык отчетун берүү. Салык төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

XIV БӨЛҮМ. АТАЙЫН САЛЫК РЕЖИМДЕРИ›62-глава. Оюн-зоок ишине салык

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 456-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Салык төлөөчү төмөнкүлөр боюнча салык отчетун берүүгө милдеттүү:

1) онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казино иши боюнча - отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен;

2) оюн-зоок ишинин калган түрлөрү боюнча - салык төлөө мөөнөтү аяктаганга чейин же аны төлөгөн күнү.

2. Салык төлөөчү салыкты төлөөгө милдеттүү:

1) онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казино иши боюнча - отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен;

2) оюн-зоок ишинин калган түрлөрү боюнча - салык мезгили башталганга чейин.

(КР 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)