452-берене. Салык базасы


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

XIV БӨЛҮМ. АТАЙЫН САЛЫК РЕЖИМДЕРИ›62-глава. Оюн-зоок ишине салык

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 452-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, оюн-зоок ишине салык салуу базасы болуп 1 оюн жабдуусу саналат.

2. Тотализатор жана букмекердик контора үчүн салык салуу базасы болуп ставкаларды кабыл алуунун 1 пункту (касса) саналат.

3. Сервердин жайгашкан жерине карабастан онлайн-казинодо жана электрондук (виртуалдык) казинодо кумар оюндарына жеткиликтүүлүктү уюштуруу, жүргүзүү жана берүү боюнча салык салынуучу база болуп салык төлөөчүнүн түшкөн каражатынын жана катышуучуга төлөнгөн утуштун ортосундагы айырма саналат.

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)