450-берене. Жалпы жоболор


Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы

06.08.2026 редакциясы
Жаңыртылды: 06.11.2026

XIV БӨЛҮМ. АТАЙЫН САЛЫК РЕЖИМДЕРИ›62-глава. Оюн-зоок ишине салык

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 450-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.

1. Ушул главада каралган салык режими Кыргыз Республикасынын оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдарында коюлган талаптарга ылайык ишти жүзөгө ашыруучу (мындан ары - салык төлөөчү) субъекттердин ишине карата гана колдонулат.

2. Оюн-зоок ишине салык ушул главага ылайык салык салынууга тийиш болгон оюн-зоок ишинин төмөнкүлөрдүн ордуна салык төлөө милдетин карайт:

1) пайдага салыктын;

2) салык салынуучу берүүлөргө КНСтин;

3) сатуудан алынуучу салыктын.

3. Оюн-зоок ишине салык төлөгөн салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн салыктарды төлөйт.

4. Салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген учурларда салык агенттеринин милдеттеринен бошотулбайт.

41. КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

42. КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Иштин башка түрлөрүн жүргүзүп жаткан салык төлөөчү өз-өзүнчө эсепке алууну жүргүзүүгө, ушул Кодексте белгиленген тартипте иштин бул түрлөрү боюнча отчеттуулукту берүүгө жана салыктарды төлөөгө милдеттүү. Мында оюн-зоок ишин жүзөгө -ашырууга байланыштуу жумшалган чыгымдар иштин башка түрлөрү боюнча жыйынды жылдык кирешеден кемитилбейт.

6. Салык төлөөчү салыктык катталган жер боюнча оюн-зоок ишине салык төлөөчү катары салык органына арыз берүүгө милдеттүү.

(КР 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)