445-берене. Салык базасы
Булагы: КР Юстиция министрлигинин мыйзам актыларынын базасы
Жаңыртылды: 06.11.2026
XIV БӨЛҮМ. АТАЙЫН САЛЫК РЕЖИМДЕРИ›61-глава. Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 445-беренеси, 06.08.2026 редакциясы.
1. Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салыктын салык базасы болуп, салык төлөөчүнүн менчиги болуп саналбаган товарларды сатып өткөрүүдөн түшкөн акча жана/же товарларды сатып өткөрүү боюнча электрондук формада кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча саналат.
2. Эгерде сатып өткөрүлгөн товарлар салык төлөөчүнүн менчиги болуп саналбаса, анда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган салык базасы сатып өткөрүлгөн товарлар үчүн сатып алуучудан алынган түшкөн акча менен сатып өткөрүлгөн товарлар үчүн менчик ээсине төлөнгөн же менчик ээси алган акча каражаттарынын ортосундагы айырмадан төмөн болушу мүмкүн эмес.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)